Ыйман негиз-ин түшүндүрмөcү(kg

free


not available



toluk versiasyn veb saittan aluuga bolot *** Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен *** = –
1) Илим тууралуу Курандын аяттары. Илим ээлери периштелер менен эскерилет.Аллах Таала айтты: «Акыйкатта, Өзүнөн башка кудай жок экенине адилеттүүлүктү орнотуучу Аллах Өзү, периштелер жана илим ээлери күбөлүк берди. Аллахтан башка кудай жок. Ал – Ызаттуу, Даанышман!» (Аалу Имран 3:18) – Аллах биринчи Өзүн, андан кийин периштелерин, андан кийин илим ээлерин – Аллахтан башка кудай жок экендигин күбөлүк берүүгө чакырган.